Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 73 жаштагы тургундун денеси камыштардын арасынан табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районуна караштуу Пригородное айылында бир апта мурун жоголгон 73 жаштагы тургуну Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, дайынсыз жоголгон аял 21-сентябрь күнү Чүй районунун Пригородное айылынан табылган.

«Денени камыштардын арасынан табышты. Сууга чөгүп кеткен экен», — дешти туугандары.

Буга чейин Turmush Сабира Бейшеналиеванын дайынсыз жоголуп жатканын жазган. Бул тууралуу анын Айнура аттуу кызы билдирген.

Апасын таап, сүйүнчүлөгөн адамга 100 миң сом сүйүнчү берилерин айткан.

«14-сентябрь күнү аталган айылдагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Ал эс тутум жагынан жабыркайт. Аны акыркы жолу 15-сентябрь күнү Виноградный айылындагы Чоң Чүй каналаны жактан көрүшкөн. Апамды таап, сүйүнчүлөгөн жаранга 100 миң сом сүйүнчү акы берилет» — деген ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️