Пример HTML-страницы

Былтыр 4 адам агып кеткен Баткен шаарындагы кооптуу каналга тосмо орнотуу зарыл

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы кооптуу каналга тосмо орнотуу боюнча сунуш берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү жана сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу максатында Баткен ШИИБдин кызматкерлери Кызыл-Жол кварталынан өтүүчү К.Батырканов атындагы чоң каналда тосмолор жоктугуна байланыштуу тосмо орнотуу боюнча мэрияга сунуш берди.

Былтыр бул каналда 4 адамдын сууга чөгүү фактысы катталып, анын ичинен үчөө каза болгон. Сууга аккандардын арасынан экөө жаш өспүрүм болчу. Бири аман-эсен куткарылып, экинчиси каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE