Баткендин Чоң-Талаа айылында бала бакча ачылды

TurmushБаткен районунун Чоң-Талаа айылында бала бакча ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 34 орундуу бала бакча бардык шарттары менен курулган. Бүгүнкү күндө аталган айылда 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 176. Бала бакчанын ачылышы менен 13 адам жумуш менен камсыз болду.

Бүгүнкү күндө Чоң-Талаа айылынын калкынын саны 1780 адамды түзөт. Жалпы 439 кожолук бар.

Райондун аймагында жалпы 46 бала бакчасы бар. Аларда жалпы 3983 бала тарбияланат.

Чоң-Талаа айылы Тажикстандын Исфара районунун Ляккан айылы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️