Пример HTML-страницы

Баткендеги журналист айым менен милиционердин 3 эм кыздарына ысымдар берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткендик Жолболду кызы Айзирек 15-майда төрөгөн 3 эм кыздарга Амина, Алия, Асия деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу ымыркайлардын ата-энеси билдирди.

Маалыматка караганда, 31-майда аларга мамлекет тарабынан чегерилген сүйүнчү пулу тапшырылып, туулганыгы тууралуу күбөлүктөр берилди. Учурда ымыркайлар Баткен облустук биргелешкен оорукананын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алышты.

«Амина деп пайгамбардын апасынын ысымын койдук. Ага кошо Асия, Алия деп окшош ысым бердик», — кыздардын атасы Жаңыбай Урайымов.

————————————————————————

Буга чейин Turmush басылмасына Баткен районунун Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Жолболду кызы Айзирек 15-май күнү 3 эмди жарыкка алып келгенин кабарлап, бул биринчи төрөтү экенин айткан.

Андан кийин 3 эм кыздарга атайын кийим-кече, акчалай белек жана 3 коляска тапшырылган. Ымыркайлар кесарево жолу менен төрөлгөн. Кыздар 2 кг, 1 кг 780 грамм, 1 кг 720 грамм салмакта төрөлүшкөн.

  • 3 эм кыздардын атасы Жаңыбай Урайым уулу милициянын кенже лейтенанты. Наристелердин апасы Айзирек Маликова 29 жашта. Кесиби боюнча журналист. Баткендеги телеканалардын биринде адис болуп иштейт.

————————————————————————————

  • Ушул жылдын 19-апрелинде Ош шаарында милициянын майору Мырзабек Тороев 3 эм уулдуу болгон. Ымыркайларга Амантай, Эртай, Эсентай деген ысымдар коюлган. 35 жаштагы жубайы балдарды операция жолу менен жарыкка алып келген. Ымыркайлар 1 кг 930 гр, 2 кг 660 гр, 2 кг 230 гр салмакта төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE