Баткендеги чек арада кыргыз-тажик делегациялары жолугушту

TurmushКечээ, 23-мартта Баткендеги чек арада кыргыз-тажик делегациялары жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолугушуу Баткендин Ак-Сай айылынын Тумба аймагында өттү. Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, УКМКнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Р.Аманбаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.Шагамурзаев, областтук суу чарба башкармалыгынын башчысы М.Бердалиевдер барса, тажик тараптан Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген делегация келди. Анда чек ара аймактарында коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактарды алдын алуу, чарбалык-ирригациялык, эки элдин ортосундагы ынтымакты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо ошондой эле жазгы талаа иштерин жүргүзүүдөгү чыр-чатактардын алдын алуу боюнча маселелер каралды. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо туурасында сөз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️