Пример HTML-страницы

Баткенде жеңил унаа ала салып кетип, 32 жаштагы жигит көз жумду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолундагы кырсыктан 32 жаштагы жигит көз жумду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, кырсык 2024-жылдын 8-июнунда унаа жолдун 216-чакырымында болгон. Баткен районунун Чек айылынын тургуну — 1994-жылы туулган М.У.Т өзүнүн «Honda Сivik» үлгүсүндөгү унаасы менен Баткен шаарынан Кадамжай районуна, башкача айтканда батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай ала салып, жолдун оң жагына чыгып, кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 1992-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE