Пример HTML-страницы

Баткен районунда буудай жыйноо иштери башталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунда эгиндерди оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2024-жылга бекитилген мерчемге ылайык, Баткен району боюнча 3134 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын ичинен 1829 гектары буудай, 1305 гектары арпа.

Район боюнча 7 комбайн бар. Рават айылындагы жеке ишкер Сейдахмат Назиров 1 комбайнды сатып алып, оруп-жыйноо иштерин жүргүзүп жатат. Керек болгон учурда Кадамжай районунан 2 комбайн, Лейлек районунан 6 комбайн келишимдин негизинде алынып келиниши күтүлүүдө. Жалпы жонунан алганда быйылкы жылдагы оруп-жыйноо иштерине район боюнча 16 комбайн иш жүргүзүүсү мерчемделген.

Баткен району боюнча оруп-жыйноо иштерине 153 дизелдик отун, 51,5 тонна күйүүчү жана майлоочу майлар керектелет. Бүгүнкү күндө карата дизелдик отундун орточо баасы 74,9 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат болууда. 154 гектар аянтында оруп-жыйноо иштери жүргүзүлгөн. 19-июнда башталган жыйноо иштери 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Андан сырткаркы бүгүнкү күндө 1380 гектар аянттан көп жылдык тоют (беде, эспарцет) өсүмдүктөрүнүн алгачкы түшүмү орулуп, жалпы 2428,2 тонна тоют жыйналды. Быйылкы жыл жаанчыл болгондугуна байланыштуу тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмү жогору болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE