Баткен облусунда 21 миң тонна буудай жыйналды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жалпы 21 миң 524 тонна буудай алынып, ал облустун 40% камсыздайт. Башкача айтканда жалпы 26683 гектар жерден кылкандуу дан эгиндери орулду. Анын 4915 гектары суулуу жердеги буудай, 9269 гектары кайрак жердеги буудай, 934 гектар суулуу жердеги арпа жана 11565 гектары кайрак жердеги арпа.

«Орточо түшүмдүүлүк гектарына 12,7 центнерди түзүп, жалпы дүң жыйым 33 миң 789 тоннаны түздү. Быйылкы жылы аба ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу сугат суудан көйгөй болгон жок. Ошол себептен өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору болду. Ошондой эле дыйкандарды сапаттуу үрөн, күйүүчү майлар менен камсыздоого да өзгөчө маани берилди.

Ал эми дан жыйноочу комбайндардан жана дизелдик отундан да маселе жаралган жок. Оруп-жыйноо өнөктүгүнө жана жазгы талаа жумуштарына Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкандарга арзандатылган баада литри 65 сомдон болгон дизелдик отун берилүүдө. Учурда күздүк эгүүгө даярдык иштери жүрүп жатат», — деди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева.

Облуста 14 миң 184 гектар жердеги буудай жыйналып, 21 миң 524 тонна түшүм алынды. Ал эми 12499 гектар арпа жыйналып, 12265 тонна түшүм алынды. Учурда аймактагы кылкандуу дан өсүмдүктөрү жыйналып, дан буурчактарды жыйноо иши аяктай элек. Ал эми облуста 3820 гектар күрүч аянты бар. Учурда анын 216 гектары жыйналды. Анда гектарынан 40-45 центнерден түшүм алынууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️