Балыкчылар Чоң Чүй каналынан акбалык кармай башташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунун көлмөлөрүндө чоң акбалыктар (маринкалар) кайырмакка түшө баштады. Бул тууралуу балык уулоону сүйүүчүлөр билдиришти.

Алардын айтымында, 800 граммга чейинки балыктарды кармай башташкан.

«Атайын шайман менен жем катары сөөлжанды колдонуп балык кармайбыз. Акбалыктарды Чоң Чүй каналынын объектилеринен кармай баштадык. Анткени ал жерге тоо дарыяларынан суу агып келет. Быйыл арыктар менен көлмөлөрдө суу көп», — дешет балыкчылар.

Бул балык тууралуу эколог Александр Сосновский мындай дейт:

«Кыргызстанда акбалыктын 5 түрү кездешет. Акбалык бардык нерселерди жей берет жана салмагы 3 килограммга чейин жетет. Азыркы тапта ага көп маани беришпейт, бирок балык сүйүүчүлөрдүн жакшы көргөн балыгы болуп саналат.

Пример HTML-страницы

Акбалык толкундуу тоо сууларынын типтүү жашоочусу болгондуктан, денеси узун торпедо сымал денеси бар. Ал урук чача турган жайларды издегенде, дарыялардын жогорку агымына чыкканда катуу агымдарды жана шаркыратмаларды оңой жеңүүгө мүмкүндүк берет. Балыктын денеси кичинекей, бирок жыш кабырчыктар жана былжыр менен капталган. Бул суу тилкесинде оңой жылууну камсыз кылат. Бирок балыкты каптаган былжырдын ролу бул гана эмес, ал коргоо функциясын жана жылуулук изоляторунун ролун да аткарат.

Кызыктуусу, акбалыктын денесиндеги түсү жашоо чөйрөсүндөгү суунун тунуктугуна жараша өзгөрөт. Тунук сууда балыктын аркасы кара күрөң, башы зайтун жашыл, капталдары кызгылт сары, курсагы ак же ачык сары. Баткак сууда капталында күмүш-ак түскө, арт жагында ачык боз түскө ээ болот. Акбалыктын узундугу 70 сантиметр жана салмакка 5 килограммга чейин жетиши мүмкүн. Ысык-Көлдө салмагы 8 килограммга чейин жеткендер бар. Акбалык бардык нерселерди жейт. Анын рационунда суудагы омурткасыздар, курт-кумурскалар жана майда балык түрлөрү бар. Анын азыктандыруусунда суу өсүмдүктөрү да чоң роль ойнойт. Атайын акбалык чарбасы жок. Алар аны спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо учурунда гана кармашат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️