Пример HTML-страницы

Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарында ооруканадагы балдарга белектер тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев ооруканада дарыланып жаткан балдардан кабар алды.

Маалым болгондой, ал Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды. Иш-чаранын алкагында, балдарга таттуулар таратылып, майрамдык белектер берилди.

Мындан тышкары онкология-гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан жаш жеткинчектерден кабар алып, аларга майрамдык белектерди тапшырды. Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, балдарга арналган оюн-зооктор, сынактар (шахмат, шашки, жерге сүрөт тартуу, ыр айтуу) уюштурулду.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Эл аралык балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

2024-жылдын башына карата Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 692 миң бала жашап жатканы такталган. Алардын жарымынан көбүн (51,4%) эркек балдар түздү. 2023-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 30 миң балага же 1,1% көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынын ичинен:

41% — 7 жашка чейинки балдар (1 млн 97 миң адам);

45% — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн 219 миң адам);

14% — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (376 миң адам).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (70,6%) айыл жергесинде жашашат.

2023-жылы 146 миңге жакын бала төрөлгөн. Алардын ичинен дээрлик 75 миңи эркек балдар. Башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE