Пример HTML-страницы

Бакай-Ата районунда акимчиликтин имараты толугу менен оңдолду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын имараты толугу менен оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район акими Алгынбай Имаров билдирди.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата административдик имаратты оңдоо-түздөөдөн өттү. Санариптештирүү боюнча заманбап жабдуулар менен жабдылды. Имарат 1986-жылы пайдаланууга берилип, андан бери капиталдык оңдоо болгон эмес экен. Быйыл атайын демилгелеп, баарын оңдоп-түздөөдөн өткөрдүк. Имараттын ичиндеги жыйындар залы онлайн жыйындарга ылайыкталып, атайы техникалар менен камсыздалды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE