Turmush — Ысык-Ата районундагы мектептердин биринде 3 аял тарабынан ур-токмокко кабылдым деген жаран видео аркылуу окуя тууралуу айтып берген.
Анын айтымында, окуя 21-майда болгон. Ошол күнү ал баласынын мектебине барган. Иш-чара аяктагандан кийин уулунун окуудагы жетишкендиктерин билүү үчүн класс жетекчисин күтүп турган. Ошол маалда саат 12:00 чамасында ага бир нече аял кол салган. «Алар класска кирип, мени жана баламды өлтүрүүгө келгенин айтышты. Үч аял мени кармап, төртүнчүсү бетимди тытып, чачымдан тарта баштады», — деди аял.
Красная-Речка орто мектебинин директору Азиз Айдаркуловдун айтымында, 21-майда башталгыч класстардын линейкасы болгон. Ага ата-энелер дагы чакыртылган.
«Иш-чара бүткөндө, биз мугалимдерге чакан жыйын өтүп жатканбыз. Ошол маалда ата-энелер класс жетекчиге жолугабыз деп, класста күтүп турушуптур. Анан ушундай окуя болгон экен. Милиция келип, ызы-чуу болуп калышты. Көрсө, бул аялдардын окуучуларга, мектепке тиешеси жок, жеке талаштары бар экен. Милиция кызматкерлери келгенден кийин тынч эле тарап кетишкен», — деди ал.
Красная-Речка орто мектебинде 1800 окуучу окуйт.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Красная-Речка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 21-майда саат 12:00 чамасында аталган айылдагы орто мектепте үч аял аны токмоктоп, белгисиз учтуу буюм менен денесине залал келтиришкенин билдирген.
Жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Л. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
![](https://st-1.akipress.org/cdn-st-0/qer/N/2623173.2620d155438fc2ce16dc086ddeea16a2.jpg)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.