Пример HTML-страницы

Асель Жуманалиева Кемин районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАсель Жуманалиева Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин ал КР президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Эске салсак, КР президентинин администрациясынын коллегиясынын 25-апрелдеги чечиминин негизинде Чүй облусунун Кемин районунун акими Жумаев Алайбек Мусаевич ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалган. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

25-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Жумаевди кызматтан алууну сунуштаган.

Андан кийин Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич Кемин районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жумабеков Жалын Самудинович келген.

Ошондой эле Жетенбаев Кайрат Рахымбаевич Кемин районунун акиминин орун басары кызматынан бошотулган. Анын орду бүгүнкү күнгө чейин бош турган.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE