Анжелина менен Анжелика компьютер боюнча облустук сынакта 2-орунду алышты

TurmushСокулуктук эгиз кыздар Анжелина менен Анжелика Өктөмовалар «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу облустук сынакта 2-орунду алышты. Бул тууралуу компьютерлик сабаттуулукка үйрөтүү ийриминин жетекчиси Туратбек кызы Гүлзар билдирди.

Алар Сокулук районунун №2 мектебинде 7-класста билим алышат.

«Сынак оӊой болгон жок. Ага Чүй облусунун бардык райондорунан таланттуу окуучулар, өтө тажрыйбалуу мугалимдер ат салышты. Сынак Токмок шаарынын №2 орто мектебинде өтүп, биздин эгиз кыздарыбыз «Таң чолпону» өспүрүм балдардын окуу-чыгармачылык борборунун макетин, шахмат темасында дубал саатын жана компьютер темасындагы саатты даярдап, ийгиликтүү презентациялашты.

Жыйынтыгында эки окуучум облуста II орунду багындырышты. Ушул эле жылдын 21-мартынан 25- мартына чейин биздин окуучуларыбыз шахмат оюну боюнча республикалык деңгээлдеги турнирге катышып, анда дагы ушул эгиз окуучуларыбыз Анжелина менен Анжелика өз артыкчылыктарын көрсөтүп, II жана III орунга ээ болушкан», — деди ал.

Анжелина менен Анжелика 2009-жылы Бишкек шаарында төрөлүшкөн.

«Башка эгиз кыздардай экөө аябай окшош эмес. Биз аларды алмаштырып албайбыз. Кимиси ким экени билинип турат. Бирок классташтары, окуучулар алмаштырып алышат экен. Ата-энесинин айтуусунда, алардын бир эле окшоштугу — үнү. Телефондон үндөрү окшош болгонунан кимиси экенин билбей калышат. Келечекте Анжелина мугалим болгусу келет. Анжелика көз дарыгери болом деп калат.

Пример HTML-страницы

Апасы Аида Абдылдаева, атасы Арзамас Нурманбетов, алар 4 бир туугандын улуусу. Шахмат ийриминен төртүнчү разрядды алышкан. Бош убактыларында китеп окуп, комуз черткенди жакшы көрүшөт. Апасына жардам берип, кичинекей инилерин карашат экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️