Пример HTML-страницы

Андижанда Чыңгыз Айтматов атындагы 360 орундуу кыргыз тилдүү мектеп ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзбекстандын Андижан облусунун Жалакудук районунун Пахта-Фронт айылында 360 орундуу кыргыз тилдүү мектеп ачылды. Turmush басылмасынын кабарчылары мектепти жеринен көрүп келишти.

Бул мектеп Андижан облусунун прокурорунун демилгеси менен курулуп баштап, бир нече айда курулушу толук аягына чыкты. Мектеп директору Одинохон Ботоева билдиргендей, жаңы мектеп бардык шарты менен курулуп, шарттар түзүлдү.

«Биздин жаңы мектебибизде 182 окуучу кыргыз тилинде билим алып келет. Мекеменин ичинде 17 предметтик класс, 4 башталгыч класс бар. Башталгыч класста 92 окуучу окуп жатат. Мектепте бардык сабактар кыргыз тилинде өтүлүп, китептери дагы кыргыз тилинде окулат. Кыргыз тили унутулуп кетпеши үчүн окуучуларга кыргыз тилинде сабактарды өтүү программасын киргизгенбиз. Өзбекстан өкмөтү тарабынан биздин мекемебизге залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылды. Имаратты толугу менен реконструкциядан өткөрүп беришти», — деди Ботоева.

Аталган мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенген Токтомурад Султанов буга чейинки мектептин эски имараты союз убагында курулганын белгиледи.

«Мен 2010-жылы ОшМУнун тарых-юридика факультетин аяктап, өзүм окуп бүтүргөн мектепке тарых мугалими болуп келгем. Тарыхка кайта турган болсок, бул мектеп 1982-жылы 360 орундуу болуп колдонууга берилген. 2023-жылы сентябрь айында облустук прокуратурадан келип, жаңы мектеп салып берүүнү убадалашкан болчу. Быйыл мектепти толугу менен бүтүрүп, тапшырып беришти. Эки өлкөнүн башчыларынын бири-бирине болгон мамилелерин жогорку деңгээлде баалап, эки элдин достугун сыйлайбыз жана ыраазычылык билдиребиз», — деди Султанов.

Пахта-фронттук окуучулар окуган мектептин эскилиги жетип, имаратынын ичи жакшы жылычу эмес. Жергиликтүү окуучулар жаңы мектеп заманбап ыкмада курулуп, бардык жабдыктар менен жабдылганын айтышты. Алар бул саамалыкка кубанып турганын жашырышкан жок.

«Мен №43 Ч.Айтматов мектебинин 8-классынын окуучу болом. Мектеп кооз болуптур. Мектебибиз мындай болуп өзгөрүп кетет деп ойлогон эмеспиз. Мурунку мектептин акыбалын айта турган болсок, өтө эски болчу, кышында калың кийимдерибиз менен отуруп сабак өтөт элек. Азыр болсо жакшы, баары жаңы, класстардын ичи жылуу, ар бир канаанын ичинде сыналгылар коюлган. Мындай шарттар менен жакшы окуп, келечекте чоң кесиптин ээси болобуз деген тилектемин», — деди Элиза Таева.

Жаңы мектептин ачылышы бул айылдын жашы-карысын бир жерге чогултту. Жергиликтүү тургундар өзбек өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти.

«Айылдын жашоосу ар кандай, талаа иштери менен эле тиричилик өткөрөбүз. Ар бир үйдөн суу чыгарып, жер бөлүп беришкен. Жерди 30 жылга берет, ар ким өзүнө керектүү эгиндерди эгишет. Көпчүлүгү пахта менен жер айдап тиричилик кылышат», — деди жергиликтүү тургун Казыбек Шарипов.

Мектептин бир бурчуна шахмат такталары коюлуп, окуучулардын сабактан сырткары кошумча ийримдер менен алектенүүсүнө шарт түзүлгөн. Ошондой эле балдар ойноочу аянчалар, жол белгилерин үйрөтүүчү аянтчалар да курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE