Америкалык 22 жаштагы жигит Базар-Коргондогу айылга келип жашап жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАмериканын 22 жаштагы тургуну Бенн Харнден Базар-Коргон районунун четки айылдарынын биринде балдарга англис тилинен сабак берип иштеп жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аны айылдагылар кыргызча Бекжан деп атап алышкан. Кыргызстанга 2023-жылдын июнь айында Тынчтык корпусу аркылуу келген. Кыргызстанга келер замат кыргыз тилин үйрөнүүгө тырышып, азыр дээрлик түш жооруп калды.

«Американын Мичиган штатына караштуу Каламазу шаарынан болом. Кыргызстан тууралуу тааныштарыман угуп, кийинчерээк Тынчтык корпусу аркылуу келип калдым. Алгач келерден мурда бул өлкө тууралуу көп маалыматтарды окудум. Мени кызыктырганы тоолор, жаратылыштын кооздугу болду. Ошентсе да өмүрү болбогон жерде кантип жашап кетем деп чочуладым. Бирок өлкөгө келгенден кийин баары башкача болду. Көрсө эли жөнөкөй, меймандос экен.

Алгач Чүй облусунун айылдарынын биринде 2 ай жашадым. Ал жакта жалпы ыктыярчылар менен бирге кыргыз тилин үйрөнө баштадык. Себеби Кыргызстанда элдин көпчүлүгү англис тилин билбейт экен. Ошол себептен коомчулук менен пикир алмашуу, байланышуу үчүн тил үйрөнүү зарыл болду.

Базар-Коргонго август айында келгем. Бул жакта мени сырттан көргөн киши мени орус улутунда го деп ойлоп орус тилинде сүйлөйт. Мен болсо орус тилин түшүнбөгөндүктөн, аларга кыргыз тилинде сүйлөсөм «оо, азаматсың, сен кайдан билесиң?» деп таң калышат. Бул жакта аптасына 2 жолу 2 сааттан кыргыз тили мугалиминен сабак алам. Азыр кыргыз тилинде кеңири сүйлөшүп, пикир алмашып калдым.

Пример HTML-страницы

Айылдагы мектепте англис тилинен сабак берип жатканыма быйыл экинчи жыл болду. Жаңы келгенде мугалимдер мени жылуу кабыл алышты. Азыр мени айылдын эли Бекжан деп тааныйт. Күн сайын мектепке келип, 5-6-класстарга сабак берем. Окуучуларым да англис тилин мыкты өздөштүрүп калды. Мектептен кийинки бош убакытта жаратылыштын кооздугуна суктанам. Кошуна байкенин атын минип ат бастырам. Кээде базарга барып, базар айланганды жакшы көрөм.

Бул жерде өзүмдү коопсуз сезем. Себеби кыргыз тилин билем, баары менен сүйлөшүп кете алам. Мага кыргыздардын боорукер меймандос сапаты жакты. Баарынан да кыргыздын той-аштары жакты. Себеби мектептеги кесиптештер менен тойлорго барсак ал жерде беш бармак, чучук, аш түрдүү тамактар, оюн-күлкү, шаң болот.

Жаңы келгенде тамак-аштан кыйналып жүрдүм. Себеби тамактар өтө калориялуу экен. Жаңы келгенде жашылча жемиштерди гана жечүм. Азыр кыргыз тамактарынын баарын ылгабай жей берем», — деди ал.

Бенндин келишими быйылкы окуу жылынын аягында бүтөт. Ал Кыргызстанды, айылда чогуу жашап, чогуу жүргөн кишилерин сагынарын эгер дагы мүмкүнчүлүк болсо жаратылышы кооз, эли жөнөкөй бул айылга келерин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️