Ала-Букада заматта 3 эркек киши жан берди. Алардын аты-жөндөрү такталып жатат

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Терек айылында 3 эркек киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада 3 эркек киши иске ууланып, көз жумганыдыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Учурда каза тапкандардын аты-жөндөрү жана иске уулангандын себеби такталууда

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️