Turmush — Ош шаарында селге агып кеткен 4 жарандын жансыз денеси табылды. Дагы бир жаран — 39 жаштагы аял киши изделип жатат.
Каза болон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Тактап айтканда, апасы жана анын 3 кызы. Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, бул үй-бүлө Россияда эмгектенип жүргөн.
Turmush басылмасына маалым болгондой, алар кызын турмушка берип, той өткөрүү үчүн мекенине келишкен. Сел жүргөн учурда Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайында болушкан. Алар кечээ, 15-июлда жерге берилди.
Маркумдардын тизмеси:
— 1981-жылы туулган Н.Д. (кыздардын апасы).
— 2005-жылы туулган Н.М. (кызы);
— 2016-жылы туулган Н.С. (кызы);
— 2018-жылы туулган Н.М (кызы).
———————————————
2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.
Катуу селден улам Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кеткен. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.
Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды.
Ошондой эле 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Ал 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял (селге аккан кыздардын апасы) экени аныкталды.
15-июлда дагы эки кыздын сөөгү табылды. Алар эже-сиңди — 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М.
Ал эми бүгүн, 16-июлда Ош шаарында селден кийин дайынсыз жоголгон аял кишини издөө иштери улантылып жатат.
ӨКМдин маалыматына караганда, 143 куткаруучу Ош шаарынын борбордук базарында издөө иштерин жүргүзүп жатат. Жалпы 5 адам изделип, анын төртөө табылган болчу. Учурда 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял киши изделүүдө.
Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.