Ак-Талаанын Ак-Тал айылында бала бакча жоктугунан улам балдар менчик турак жайда тарбияланууда

TurmushАк-Талаа районунун Ак-Тал айылында бала бакча жоктугунан улам балдар менчик турак жайда тарбияланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы «Ак-Тал» бала бакчасынын имараты 1961-жылы курулган. Курулгандан тарта 1990-жылга чейин бала бакча катары пайдаланылып келип, союз тараган соң жабылып, 2008-жылга чейин имарат айылдын ар кандай муктаждыктарын жараша колдонулуп келген. 2009-жылы кайрадан бала бакча ачылган. Бирок эскилиги жетип калган бала бакчанын имараты 2016-жылдын 7-январь күнү болгон катуу жер титирөөдөн улам жараксыз абалда. Ошондон бери же тактап айтканда 6 жылдан бери бала бакча менчик турак жайда ишмердүүлүгүн аткарып келет.

«Ак-Тал» бала бакчасынын башчысы Айгүл Макеева бала бакчанын жоктугу элдин олуттуу көйгөйүнө айлангандыгын айтты.

«Менчик турак жайда иштеп жаткан бала бакчада жалпы 60 бала тарбияланууда. Анын тардыгы, бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, кир жуучу жана ашкана үчүн бөлмөлөрдүн жоктугу, кошумча балдарды кабыл алууга орундардын жоктугу олуттуу көйгөй жаратып жатканы аз келгенсип, аны кожоюну сатыкка койду. Имарат сатылып кетсе айыл эли бала бакчасыз калат. Жаңы бала бакча куруу үчүн жер тилкеси чечилип, тиешелүү долборлоо документ иштери толук бүткөрүлүп, 45 млн сомго 90 орундуу типтүү бала бакча куруу долбоорлонгон. Бирок жаңы курулуштардын титулдук тизмесине кирбей, акча ү бөлүнбөй, элдин олуттуу көйгөйүнө айланып калды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️