Пример HTML-страницы

Ак-талаалык 2 мугалим «Жыл мугалими-2024» сынагынын республикалык туруна жолдомо алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун 2 мугалими «Жыл мугалими-2024» сынагынын республикалык туруна катышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Үрүстөм Күзөрмамбетовдун айтымында, «Жыл мугалими-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын райондук турунан тандалып алынган 4 мугалим жана 1 тарбиячы облустук турга катышып, жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими Нурбек Байшериев жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин сабагынын мугалими Күмүшай Мамаева республикалык сынакка катышууга жолдомо алышкан.

Облустук сынакта Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Сайра Ашыркожоева 2-орунду камсыздаса, «Мыкты тарбиячы-2024» сынагына катышкан Тоголок Молдо айылынын «Адис-Адилет» бала бакчасынын тарбиячысы Доктурбек кызы Светлана 3-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE