Ак-Талаадагы 6 айылдагы айдоочулар «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын жабылып калганына нааразы

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы май куюучу жайдын жабылып калышы айдоочуларды убарага салууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айдоочулардын айтымында, аталган айылда жайгашкан «Bishkek Petroleum» май куюучу жайынын жабылып калышынан улам Ак-Тал, Үгүт, Кызыл-Белес, Тоголок Молдо, Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылдарына учурда көмүр тартып жаткан айдоочуларга ыңгайсыздык жаралды.

«Учурда бир катар айыл өкмөттөрдүн бюджеттик мекемелерине көмүр отунун тартып жатабыз. Көмүрдүн сапаты жакшы. Бизде бир кыйынчылык болуп жатат. Биз учурда Кара-Кечеден көмүр тартып жатабыз. Кара-Кечеге Соң-Көл аркылуу барып-келүүдөбүз. Күйүүчү майды жыл сайын Ак-Тал айылындагы жалгыз май куюучу жайдан куюп алып, кайра Кара-Кечеге кетчүбүз. Учурда бул май куюучу жай жабылып калып, майды 50-60 чакырым аралык жол жүрүп барып, Баетов айылынан куюп келүүдөбүз. Биринчиден, биздин Баетовго барып-келүүгө убакытыбыз кетип жатат. Экинчиден, ал жактан май куюп келүү үчүн эле ашыкча чыгым болуудабыз», — дейт айдоочулар.

Буга чейин 2-август күнү Ак-Талаа районундагы 6 айылдын жашоочулары Ак-Тал айылындагы май куюучу жайдын жабылып жатышына нааразычылык билдирип чыгышкан.

Пример HTML-страницы

Жаңы-Талап айылынын тургуну Акылбек Бексултановдун айтымында, Ак-Тал айылынын этегинде жайгашкан «Bishkek Petroleum» май куюучу жайы иштеп келген. Бирок бул жай аталган компаниянын өзү тарабынан жабылып жаткандыгына байланыштуу ал жерден күйүүчү майлар менен камсыз болуп келген Тоголок Молдо, Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап жана Ак-Тал айылынын жашоочулары нааразычылык билдирип чыгып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасаган.

  • «Bishkek Petroleum» май куюучу жайы «ШНОС» ЖЧКга таандык. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «ШНОС» ЖЧКнын жетекчиси — Шарипов Максатбек Асанович, түзүүчүсү — «Лидер-плюс» ЖАК.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️