Пример HTML-страницы

Ак-Талаада өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан «Биз биргебиз» аталыштагы сынак уюштурулуп, ага Баетов айыл аймагына караштуу орто мектептердин окуучулары катышты. Сынакка катышкандар дубал гезит даярдап, флешмоб жана чакан сценкаларды аткарып беришти. Мындан тышкары ВИЧ/СПИД илдетинин жугуу жолдору, андан сактануу тууралуу түшүндүрмө берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

Флешмоб боюнча:

— 1-орун — Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби;

— 2-орун — Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев жана Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектеби;

— 3-орун — Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева жана Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби.

Сценка боюнча:

— 1-орун — Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектеби;

— 2-орун — Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби;

— 3-орун — Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев жана Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби.

Дубал гезиттери боюнча:

— 1-орун — Баетов айылынын Эсенгул Карасартов жана Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектеби;

— 2-орун — Кайыңды-Булак айылынын Бакый Мүсүралиева жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби;

— 3-орун — Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE