Пример HTML-страницы

Ак-суулук мугалим Чолпон Жумабаева таенеси үйрөткөн өнөр аркылуу кошумча киреше таап келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылынын тургуну Чолпон Жумабаева билим берүү тармагында эмгектенүү менен бирге кол өнөрчүлүктү аркалап, кошумча каражат таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм, Ак-Суунун Токтогул айылындагы таенемдин колунда чоңоюп, тарбия алдым. Таенем уз-чебер элея, каралашып жүрүп тиккенди, бычканды жана кийиз менен иштегенди үйрөттү. Балалык кылып тажап, ойногону качат элем. Таенем болсо “кыз деген эпчил, жашоого тың болуш керек” деп өстүрдү. Ошентип баарын үйрөндүм. Мектепти аяктап, педогогикалык билим алып, Ичке-Жергез айылына келин болуп келдим. Беш балам бар. Азыр таенем үйрөткөн өнөр менен кошумча каражат таап алам», — дейт ал.

Чолпон айым токуган китеп каптар кесиптештерин кубанычка бөлөп жатат.

«Мен шнур жиптен китеп каптарды жана кечелерге көтөрчү чакан сумкаларды соктум. Кесиптештерим алып, анан башка мектептеги мугалимдер көрүп сурап жатышып, көп саттым. Бир кичинекей сумканы 4 саатта согуп даяр кылам. Ал эми чоң китеп каптарды бир күндө даярдайм. Сумкалар 800 сомдон 2500 сомго чейин бааланат. Ошондой эле, мектептеги окуучулар сынактарга катышып жаткан учурда бирдиктүү форма тигип берем. Жаңы жыл, майрамдык кечелерге да көйнөк тиктирип кетишет. Мектептин залындагы пардаларды, жасалгаларды тигип бергем», — дейт ал.

Каарманыбыз таенесинен үйрөнгөн өнөрдү окуучуларга да үйрөтүп келет.

«Мектепке алгач кол эмгек деген сабак берип киргем. Кыздарга сокмонун түрүн үйрөттүм. Азыр башталгыч класстарга сабак берип калдым. Бирок кызыккан кыздарга үйрөнүүдөн тажабайм. Анткени бул энеден кызга өтчү өнөрдү ар бир кыз билип алса жакшы да.

Кол өнөрчүлүктүн сырткары мен гүл өстүрүүгө да кызыгам. Өзүм өстүргөн гүлдөрдү сокмого түшүрүү мен үчүн эргүү тартуулайт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Чолпон Жумабаева билим берүү тармагындагы жетишкендиги үчүн жергиликтүү бийликтин бир катар ардак грамоталары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE