Ак-Сууда токойчулардын техникалык базасы чыңдалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районундагы 6 токойчулукка өрт өчүрүүчү шаймандар жана 4 мотороллер алып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, райондо жайгашкан Жыргалаң, Шахта, Боз-Учук, Жергез, Ак-Суу жана Түргөн токойчулугуна токойду коргоодо жана ишти жеңилдетүү үчүн шаймандар менен камсыздалды.

«Атайын эсептен 558 миң сомго өрт коопсуздугун алдын алуу максатында 6 токойчулукка 6 комплект өрт өчүрүү шаймандар жана 4 мотороллер алынып келинди. Кесиптик майрам алдында кызматкерлерибиз үчүн өтө кубанычтуу болду», — дейт Каракол токойчулугунун директору Нурсалбек Дюшенбиев

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️