Пример HTML-страницы

Ак-Шыйрак өрөөнүнө барган жубайлар күтүлбөгөн окуяга туш болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Шыйрак өрөөнүнө бара жаткан тургундар күрөң аюуну жолуктурушту.

Алар 6-июнда Сөөк-Ашуусунан ал аюуну видеого тартып алышты.

«Жолдошум экөөбүз Ак-Шыйракты көрүп келели деп чыкканбыз. Ак-Шыйрак Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Кайра келе жатканда кечки саат 19:00 да ушул аюуну жолуктурдук.

Аюу бизге аябай жакын келип, арткы бутунан типтик туруп ырылдады. Ошол кооз кадр түшпөй калды. Мен дүрбөлөңгө түшүп, тарта албай калдым», — деди Жылдыз Сыдыкова.

Ак-Шыйрак өрөөнү — Борбордук Теңир-Тоодогу Сары-Жаз суусунун алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Эшегарт, түштүгүнөн Бооралбас, Ак-Зоо, Миң-Теке, Кайчы жана Кара-Зоо (Жаңарт) тоолору менен чектешет. Узундугу 60 чакырым, туурасы 6 чакырым. Өрөөндүн таманынын орточо бийиктиги 2300-2900 метр.

Өрөөн аркылуу Ак-Шыйрак суусу агат. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы -15,1°С, жайы салкын, июлдуку 11,8°С. Өрөөндө Ак-Шыйрак кыштагы, метеостанция жана башкалар бар.

———

Кыргызстанда күрөң аюунун өзгөчө түрү — ак тырмактуулар жашайт. Аюунун бир аз ийилген, өзгөчө узун (алдынкы буттарында 7-10 сантиметрге чейин) тырмактары ачык сары түскө боёлгон. Ошондуктан анын ушундай аталышы келип чыккан.

Күндүз бул жаныбарды сейрек көрүүгө болот. Бул учурда ал көбүнчө арчанын же карагайдын жайылып жаткан бутактарынын астында уктап жатат

Аюунун жыт сезүү туюму абдан жакшы өнүккөн. Ал алыс аралыктан да жытты абдан жакшы сезет. Мындан сырткары жакшы угат, бирок алардын көрүү сезими угууга жана жыт сезүүгө караганда начар өнүккөн. Көпчүлүк учурда аюу адамдын жытын сезип, дүрбөлөңгө түшөт. Балдарын коргогон ургаачы гана адамга кол салышы мүмкүн.

Учурда Кыргызстандын бардык аймагында аюуга аңчылык кылууга катуу тыюу салынат. Ак тырмактуу Тянь-Шань аюусун өлтүргөндүгү үчүн айып пул 1 000 000 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE