Пример HTML-страницы

Айтматов районунда СПИДге каршы акциялар өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Айтматов районунда акциялар өтүүдө. Бул тууралуу Айтматов райондук жалпы дарыгерлер практика борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, акциянын алкагында мекеме, ишканалар менен спорттук иш-чара уюуштурулду. ВИЧ/СПИД негизи 3 жол — жыныстык катнаш, ийне саюу, энеден балага жугушу мүмкүн. Бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал. Таза эмес медициналык куралдардан, кан куюуда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда жугушу мүмкүн.

Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «4Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

1996-жылы Кыргызстанда бул ооруну алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE