Пример HTML-страницы

Айланма жолдо адам өмүрүн алган кырсык болду. Эки жаш кыз жана жигит ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолундагы кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-июнда саат 14:10 чамаларында аталган унаа жолдо «Хендай Гетз» үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышка карай бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай, оор жүк ташуучу «Рено Магнум» унаасы менен сүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, «Хендай» карама-каршы тилкеге чыккан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хендай Гетз» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болуп, ал эми 3 жүргүнчү Кант шаарынын ооруканасына кайрылышкан.

Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунун билдиришкендей, аталган кырсыктан бир киши каза болуп, үч киши жабыркады. Маркумдун өздүгү такталып жатат.

Жабыркагандар:

— 2006-жылы төрөлгөн К.Ж. (кыз бала, башынан жаракат алган, кома);

— 2006-жылы төрөлгөн А.К. (кыз бала, башынан жаракат алган, травматикалык шок);

— 2005-жылы төрөлгөн Б.К. (эркек бала, башынан жаракат алган).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE