23 перзенти чарчап, 1 кызы гана калган акындын небереси Жыпаркан Төлөнбаева азыр 77 жашка чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында төкмө акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акындын жээн небереси Жыпаркан Төлөнбаева быйыл 77 жашта. Ал бала кезинде өзүнүн ата-энеси таятасынын ырларын түнү менен жаздырып калганын эскерди.

«Азыр менин жашым 77ни таяп калды. Мен 2 жашта таятам Барпы көз жумду. Өзүмдүн атам Төлөнбай Бекиев менен апам Бурул Барпиева Маркай деген шарты катаал айылда жашагандыктан, мен таятамдын үйүндө жүрүп чоңойдум. Атам менен апам түнү менен таятамдын ырларын жазып, эртеси районго алып барып, Фрунзеге кол жазмаларды салып жиберчү. Ал жактан Түмөнбай Байзаков тосуп алып, ырларын басып чыгарчу. 1949-жылы таятам каттуу ооруп калып, Фрунзеге барып, ал жакта таенем карап жатып каза болду. Тай атамдын сөөгү ошол жакта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган», — деди ал.

Барпы Алыкулов (1884-1949-жж) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы дүйнөгө келген. 9 бир тууган болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүшкөн. Барпы да 8 жашынан тарта Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарган. Кийин Ысакбайда жалчы болуп жүргɵн. Барпы акын бала кезинде башынан кечирген күндөрү жөнүндө «Мен көргөн күндөр» деген ырында эскерген.

16 жашка келгенде акындык аты чыга баштаган. 30 жаштан өткөнгө чейин жалчылыкта жүрүп, Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашай баштаган. Өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп иштеген. 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып 2 көзү тең бүдөмүктөп калат. Турмуш жолунда 23 перзентти жерге берген. Жалгыз кызы (Бурул) аман калган. Даанышман акын 1949-жылы 9- ноябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайкан.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️