Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан 2 тургундун артында 6 бала калды

TurmushӨзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан эки жаран бүгүн, 6-апрелде акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Дейрес-Сай айылынын башчысы Камбар Кулмырзаев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп, кичи мекенине жеткирилүүдө.

«Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп-өсүп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алып, Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караган Дейрес-Сай айылына көчүп келип, жашап калышкан. Маркумдардын улуусунун артында 5 баласы, 1991-жылы туулган тургундун артында 1 баласы калды. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн эмне максатта чек араны бузуп өткөндүгү тууралуу тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Кечээ окуяны угар замат сөөктөрдү мекенге кайтаруунун үстүндө тиешелүү кызматтар менен иш алып барып жаттык. 5-апрелде түнкү саат 23:30дар чамасында «Маданият» өткөрмө бекетинен сөөктөрдү өткөрүп алып, Кербен шаарындагы соттук-медициналык экспертизага жеткирип бергенбиз. Азыр «Жүк-200дү» Дейрес-Сайга алып бара жатабыз. Бүгүн саат 16:00дө маркумдар акыркы сапарга узатылат. Чек арадан кандай аткезчилик товарларды алып бара жатышканы тууралуу маалымат тактай элекпиз», — деди айыл башчы К.Кулмырзаев.

  • Дейрес-Сай айылы Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Айылда 283 түтүн жашайт.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы 5-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, анын кесепетинен Кыргызстандын 2 жараны каза болгонун билдирген.

Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны атка жүктөлгөн жүктү мыйзамсыз Өзбекстанга алып өтүүнү көздөшкөн. Алар Өзбекстандын аймагына кирип, чек ара сызыгынан 500 метр алысташканда, аларды өзбек чек арачылары көрүп, токтотууга аракет кылышкан. Бирок мыйзам бузгандар өзбек чек арачыларынын талабына баш ийишкен эмес. Кыргызстандын жарандарын кармоо учурунда жаңжал чыгып, өзбек чек арачылары ок атууга мажбур болушкан, анын кесепетинен Кыргызстандын 2 жараны мерт кеткен. Калган жарандар Кыргызстандын аймагына качып кирип, жашынууга үлгүрүшкөн.

Пример HTML-страницы

Өзбек чек арачылары билдиргендей, кыргыз жарандары баасы 20 миң доллардан ашкан жүктү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бара жатышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️