Пример HTML-страницы

Жыш токойдун ордуна түптөлгөн Чоң-Токой айылы азыр Хан Бүргө деп аталат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Хан Бүргө айылы 1926-1930-жылдардын аралыгында негизделген. Айыл мурда Чоң-Токой деп аталган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалы тууралуу маалыматтарды топтоду.

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, Чоң-Токой айылы Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден кийин Хан Бүргө айылы деп атала баштаган.

«Чоң-Токой айылы 2 дарыянын кошулган жеринен орун алат. Түндүк-чыгышынан Каракол дарыясынын куймасы Арал айылы аркылуу келсе, түштүк-чыгыш тарабынан Үч-Кошой дарыясы Өтмөк ашуусунан бери агып келип, Чат-Базар айылынын башталышынан кошулуп, Талас дарыясын түзүшөт. Ушул жерде эбегейсиз ири токой каптап турчу экен. Кийинчерээк ал токойдогу бак-дарактар кыйылып, ордуна Чоң-Токой айылы түптөлгөн дешет. Азыр да ал токойдун орду бар. Чоң-Токой айылы Кыргызстан эгемендикке жеткен мезгилден тарта Хан Бүргө айылы деп атала баштаган. Бул айылда Бүргө баатырдын урпактары жашайт», — дешет аксакалдар.

Хан Бүргө айылы Талас районунун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, райондун борбору Көк-Ой айылынан чыгыш тарабынан 36 чакырым алыстыкта, Талас–Тараз–Суусамыр унаа жолунун оң жээгинен орун алат. Элетте 2 миңге жакын адам жашайт.

Айылдын эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Айылда орто мектеп, сейил бак жана Бүргө баатырдын эстелиги бар.

Бүргөн баатыр ким болгон?

1

Бүргө Итим бий уулу (1763–1831-жыл) манап, баатыр. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан чыккан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн баатыр аталып, кушчу уруусун башкарган. Бүргө баатырдын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган жортуулдарында өзгөчө көрүнгөн. Казак ханынын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган. Бүргө баатыр Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуя-Ата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Цинь императорунун чакыруусу менен Кашкарга чейин барып, баалуу сыйлык алган. Көз карандысыз саясаты үчүн аны Кокон ханы тымызын тыңчы жиберип, ууландырып өлтүрткөн. Кыргыздардын белгилүү Атаке, Эсенгул, Садыр, Жаманак, Жайыл, Кошой, Түлөберди, Ажыбек баатырлары менен замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган.

Бүргө баатыр чарбачыл адам болгон. Азыркы Мерке облусундагы өзү жердеген жерге арык каздырып, суу чыгарткан. Ал арык «Бүргөнүн Тогонду сайы» деп аталат. Бүргө баатырдын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун жана кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүрөт.

(Айрым маалыматтар интернеттен алынды)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE