Жылына 3 жолу түшүм жыйнаган аравандык дыйкандарга сугат суу берилип баштады

TurmushАраван районунда жазгы талаа иштерине даярдык көрүү максатында дыйкандарга керектелүүчү ички арыктар, каналдар тазаланды. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Авазбек Абдукадиров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 9-10-апрелинен баштап дыйкан, фермер чарбаларга сугат суу бериле баштады.

«Район боюнча 10 миң 400 дыйкан-фермер чарбасы бар. Аларга суу жеткирип берүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Сууну жоготууну азайтуу максатында суу түтүгү оңдолуп, 300 миң сом акча каражаты райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан бөлүндү. Арык, каналдарды тазалоо иштери толук жүргүзүлдү. 9 км арык, каналдар чабылып бүттү.

Мындан тышкары Алля Анаров айыл өкмөтүндө 42 млн сомго оңдоп-түзөө, тазалоо, бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Азыркы күндө жумуштардын 65-70%ы бүттү», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, сугат суунун жетишсиздиги былтыркы жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Быйыл Папан суу сактагычында суунун көлүмү өткөн жылга салыштырмалуу 26 млн кубга аз. Төө-Моюндагы Найман суу сактагычында болсо 1 млн кубга аз.

12-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районундагы жашоочулар менен жолугушкан. Жыйындын жүрүшүндө суу маселеси көтөрүлүп, суу сактагыч куруп берүүнү суранышкан. Анткени өлкөдө Араван районунда гана жылына үч жолу түшүм жыйналат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️