Пример HTML-страницы

Жылалдыдагы тургундар Камчыбек Ташиевден айыл өкмөткө текшерүү жөнөтүүнү суранышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын тургундары кайрылуу жасады.

Алардын айтымында, мурунку айыл өкмөт башчысы Р.А. жер саткан. Анын үстүнөн арызданбаган жерлери калган эмес. Маалымат жыйындын катышуучулары президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.

Маалымат жыйынга келген тургундар белгилегендей, Р.А. айыл өкмөт башчы болуп турган убагында, тактап айтканда 2020-2021-жылдары элден жер тилкелерин алып берем деген убада менен 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча алган. Бирок азыркы күнгө чейин же жер тилкесин ала албай, же акчаларын кайтара албай жүрүшөт.

Алар бул маселе боюнча башкы прокурорго чейин барышканын, бирок оң жыйынтык болбогонун айтышты.

«Айылдын ичинен суулуу 20 гектар жер трансформацияланган. Айтылышы 20 гектар болгону менен 40 гектардай жер берилип кетти. Айыл өкмөт башчы элге чек берем деп көбүнөн акча алып, бирок ал жерлерди башка райондордун тургундарына сатып жиберген. Бир жердин үстүнөн 2-3 токтом чыгартып салган. Саткан жерлерине тездетип пайдубал куруп алгыла деп курдуруп, Бишкекке «эл басып алды, эми бербесе болбойт» деп отчет берип койгон», — дейт айыл тургуну Сапарали Ташполотов.

Маалымат жыйындын катышуучулары айыл өкмөт башчыга жалгыз бой аялдар, майыптыгы бар адамдар, каза болгон баласынын балдарына жер тилкесин алам дегендер акча бергенин билдиришти.

Эки уулу каза болгонун айткан Курманжан Сатыбалдиев: «Бир уулум каза болуп, келиним башка турмушка чыгып, артында 4 бала мага калган. Аларга жер тилке алуу үчүн 50 миң сом, ошондой эле жерди көрсөтүп берет деген жер адисине 8 миң сом бергем. Дагы бир балама жер алуу үчүн дагы акча бердик. Бирок ал балам да каза болуп калды. Эми каза болуп калган баламдын акчасын берсин, неберелериме жер берсин деп артынан жылдап арызданып жүрөбүз», — дейт ал.

Карамат Шерматова 2-топтогу майып болсо, Нуржан Токтахунова 4 баласы менен жалгыз элдин койлорун багып, тириличилик кылат. Ал эми Нурали Ахматалиев араба тартат. Алар да көп жылдан бери жер тилкесин ала албай жатышканын айтып, президентке кайрылышты.

Айыл тургундары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден айыл өкмөткө текшерүү жиберүүнү суранышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE