Жыл башынан бери Жалал-Абадда 386 жаран Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда жыл башынан бери 386 чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 04-04 региондор аралык бөлүмүнүн башчысы Медетбек Нупаев билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген.

«Быйылкы жылдын 9 айына карата Жалал-Абад шаарында жарандык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардан 386 арыз келип түшкөн. Буга чейин белгилүү болгондой, Министрлер кабинетинин «Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү жөнүндө» №437 токтому чыккан. Ал токтом күчүнө киргенден тарта, тактап айтканда 5-сентябрдан бери биздин кызматкерлер жарандык алууну каалаган 34 чет өлкөлүктүн арызын кабыл алган. Ага удаа эле убактылуу жашап туруу үчүн уруксат күбөлүгүнө 6 адам арыз менен кайрылган.

Буга чейин өлкөбүзгө келген Россия Федерациясынын жарандары 6 ай каттоого коюп, мөөнөтү бүткөндөн кийин аны узартса, мыйзам жол берчү. Эми жаңы тескемеге ылайык чет өлкөлүк жаран чек арадан киргенде 30 күндүн ичинде жашаган дареги боюнча каттоого турушу керек жана ал каттоо 60 күнгө гана жарамдуу болуп эсептелет. Ошол убакыттын ичинде ошол чет өлкөлүк жаран КРнын жарандыгына тапшырса болот же этникалык кыргыздар үчүн берилип келген «Мекен карт» документин алышы зарыл, же убактылуу жүрүш үчүн уруксат кагазын алышы керек (вид на жительство). ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берген документтерди тариздебестен өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде жалпысынан 90 күнгө чейин жүрө алышат», — деди Медетбек Нупаев.

Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад шаарында 3 чет өлкөлүк жаран «Мекенд карт» документине ээ болгон.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️