Жыл башынан бери Ош шаарында 370 түгөй ажырашты. Башкы себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында түгөйлөрдүн ажырашуусуна көбүнчө тышкы миграция себеп болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык бакыт өргөөсүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Насиба Калдыбаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 1985 жаш жубайлар никеге турушкан.

«Ал эми ажырашуунун саны 370ти түзүп, биз тараптан акт жазылып берилген. Соттун чечими. Ушундай учурда баарлашуу жүргүзүп, эмне себептен ажырашууга арыз жазып жатканын, эмне түрткү болуп жатканын сурайбыз. Көбү себеп катары тышкы миграцияны айтышат. Жолдошу же жубайы ал жактан башка үй-бүлө таап алды же балдарын карабай жатат деген көйгөйлөрүн угабыз. Андан кийин үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр, акча каражаттын жетишсиздиги, жакырчылык себеп болот.

Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгүндөй, аларга убакыт беребиз. Ажырашууга келген жаштарга ойлонууга бир ай убакыт берилет. Бул убакыт мамлекет тарабынан жаштарга болгон камкордук деп эсептейбиз. Ажырашкандардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт», — деди Калдыбаева.

———————————————

Пример HTML-страницы

2024-жылдын март айында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы 44 миң 776 никени каттаганы маалымдалган. Ушул эле мезгилде 12 миң 662 ажырашуу катталган.













Аймактар Никеге туруу Ажырашуу
Бишкек шаары 9969 2814
Ош шаары 1766 424
Ош облусу 10403 2465
Баткен облусу 3691 792
Жалал-Абад облусу 7816 1943
Чүй облусу 5687 2310
Нарын облусу 1218 479
Талас облусу 1449 447
Ысык-Көл облусу 2777 988

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️