Журналист Гүлчехра Тажибаева 45 жашында каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-ноябрда журналист, филолог Тажибаева Гүлчехра Сапарбаевна каза болду.

Ал 1979-жылы 13-майда Баткен районунун Баткен кыштагында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. В.И.Ленин атындагы орто мектепти 1999-жылы аяктап, ошол эле жылы аталган мектептин катчы-арип терүүчүсү болуп эмгек жолун баштаган.

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. 2002-жылы үй-бүлөлүк шартына байланыштуу БатМУнун дүйнөлүк тилдер жана филология факультетин бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

Ал Баткен райондук мамлекеттик админстрациясында жооптуу кызматтарда иштеген. 2000-жылы жаңыдан уюшулган «Баткен таңы» гезитинен эмгек жолун улаган. Жөнөкөй кабарчылыктан жооптуу катчылыкка, редактордун орун басарлыгына, редакторлугуна чейин жеткен.

2012-жылы Баткен райондук «Кызыл туу» гезитинин башкы редактору болуп дайындалган. Райондук гезитти 2019-жылдын март айына чейин жетектеген.

Пример HTML-страницы

2006-жылдан бери республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин Баткен облусу боюнча кабарчысы болуп иштеп келген.

Артында бир кыз, эки уулу жана жолдошу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️