Пример HTML-страницы

Журналист Анвар Исаджанов текчелерде чаң басып жаткан китептерин сатыкка алып чыкты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарынын тургуну Анвар Исаджанов текчелерде чаң басып жаткан китептерди окууга замандаштарына сунуштап келет. Алгачкы китептерин журналисттик ишмердүүлүгүндө чогулткан.

Анвар Исаджанов 1964-жылы төрөлүп, Каракол шаарындагы азыркы №1 инновациялык мектеп-гимназиясында окуган. Педагогикалык институттан орус тили сабагынан мугалим адистиги боюнча билим алып, кийинчерээк журналисттик кесипти өздөштүргөн.

«Журналист болуп Түп жана Ак-Суу райондук гезиттеринде иштөөдөн баштагам. Андан кийин Каракол шаарынын жана облустук гезиттерде эмгектендим. Кабарчы, жооптуу катчы, корректор болуп эмгектенип келгем. Бул аралыкта ишмердүүлүгүмө жараша көп китептерди топтодум. Китеп – бул билим булагы. Ар бир китептин тарбиялык мааниси бар, терең билим жатат. Ошондуктан окуган китептеримди сактап койчумун», — деди ал.

Каарманыбыз союз кулаган соң эл менен бирге соода-сатык кылууга өткөн. Акыркы 5 жылдан бери мурда окулган китептерди сатып келет.

«Алгач өзүмдүн текчемдеги китептерди сатыкка койдум. Анткени үйдө китептер чаң басып жаткыча, экинчи адамга өткөнү маанилүү экен. Ар бир жаран китепти аяр кармап, жакшы сактап, өзү алган маалымат, билимди экинчи адам да билиши үчүн кайра сатыкка койсо, пайдалуураак болорун түшүндүм. Үйдө окулуп бүткөн китептер ыргып, айыл жергесинде от жагууга, шаарда макулатурага кетип жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан экинчи адамга белек кылып, же арзан баада сатып койсоңор демекчимин», — деди ал.

Учурда ага шаардыктар окуп бүткөн китептерин алып келип өткөрүшөт. Буга чейин бир китепти 50 сомдон сатса, учурда 100 сомго баасын жогорулаткан. Аны менен катар китепти бекер эле алып, окугандан кийин кайра алып келгендер да ар.

«Көбүнчө жашы өтүп калган аксакалдар окуп келейин деп, китеп алышат. Аталар жоопкерчиликтүү болгондуктан бекер эле алып, кайра алып келип беришет. Ал эми жаштар арасында алдыга умтулууга (мотивация) түрткү берген китептерге суроо-талап жогору», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE