Жумушуна келгенден кийин каза тапкан кыздын акыркы мүнөттөрү тууралуу айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы жарылуунун кесепетинен жаракат алган сатуучу кыз каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын сураштырды.

Калаанын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан «Тору» соода борборунун жанында соода кылган сатуучунун айтымында, жарылуу орун алган суусундук сатылган жайда орто жаштагы келин иштеп жүрчү.

«Кийин ал иштебей, анын ордуна жаш баласы бар аке келип, суу менен кошо гамбургер да сатып жүрдү. Ал киши да ордун тапшырып кетип, эч ким иштетпей калган. 2-3 күндөн бери жаш кыз келип, суу сатып жаткан. Өзүм уюлдук компаниялардын биринде сим-карта сатып иштейм. Эртең менен ишке келе жатканда ошол кыз күркөнү ачып, чаңдарын аарчып жаткан экен. Мага кардар келип, маалымат берип жаткам. Бир учурда жарылган каттуу дабыш чыкты. Чочуп карасам, газ баллон күркөнүн чатырын тешип чыгып, андан соң тушунда турган банкка урунуп, бурчта отурган күзөтчүгө тийиптир. Аңгыча эл чогулуп, бети-башы таанылгыс болгон кызды алып чыгышты. Артынан тез жардам менен өрт өчүрүүчү унаа да келди. Нес болуп, эмне болгонун түшүнбөй калдык. Каза болгон сатуучу кыз 17 жашта болгонун айтып жатышат», — дейт күбө.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып кеткенин жазган. Окуя бүгүн, 13-июлда болду.

Пример HTML-страницы

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматы келген.

Кичйинчерээк жабыркаган кыз каза болгону маалымдалган.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери Икрам Вариванов Turmush басылмасына билдиргендей, бүгүн, 13-июлда таң эрте тез жардамга чалуу түшүп, бейтаптар алынып келе баштаган.

«Бүгүн орун алган жарылуудан алгач 20-24 жаштардагы кыз келди. Анын бети-башын таанып болбойт, ал бизге келгенге чейин эле каза болуп калган экен. Жансыз денеси өлүк сактоочу жайга жеткирилип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Андан сырткары тез жардам унаасы менен 3 адам жеткирилген, алар жолдон өтүп бара жаткан аялдар жана ошол жердеги банктын күзөтчүсү. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү», — деди ал.

Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматына караганда жарылуудан 4 адам жабыркады.

Алар:

1. 1992-жылы туулган А.С. (аял киши);

2. ⁠1992-жылы туулган Т.к.К, (аял киши);

3. ⁠М.О. (күзөтчү).

4. ⁠каза болгон кыз, анын өздүгү такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️