Жумгалдын окуучулары чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча Азия оюндарына барышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылында Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин окуучулары декабрь айында чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча Малайзияда өтө турган Азия оюндарына барышат.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Баялиева билдиргендей, аталган мектептин дене тарбия мугалими Каныбек Кулманбетов 2022-жылы чөп үстүндө ойнолуучу хоккей оюнун негиздеп чыккан.

«Бул оюнду мектепте ийрим катары жетектеп келет. Ийримге 20 окуучу барат. 2023-жылы Бишкек шаарында мектеп окуучулар арасында өткөн мелдеште окуучуларыбыз Кыргызстандын чемпиону аталып, 1-орунду ээлеп, алтын медаль алышкан.

23-27-сентябрь күндөрү болгон Азиянын окуучулар арасындагы мелдеште 6 окуучубуз Кыргыз Республикасынын курама командасында ойноп, 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болуп кайтышты. Азия чөлкөмүнөн Бахрейн, Катар, Пакистан, Казакстан, Өзбекстандын окуучулары катышкан. Ал эми Кыргызстандан биздин окуучуларыбыз катышты.

Азыркы мезгилде 15-декабрда Малайзияда өтө турган Азия оюндарына даярдыктар көрүлүүдө», — дейт Р.Баялиева.

Пример HTML-страницы

—————————————————————————

Буга чейин Turmush Бишкек шаарында Кыргызстандын чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча чемпионатта Жумгалдан барган жаш хоккейчилер чемпион аталышканын жазган.

2023-жылдын 26-октябрында өткөн хоккейге Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин окуучулары арасынан түзүлгөн «Нарын» командасы барган.

Мелдешке «Чүй», «Жалал-Абад», «Ысык-Көл», «Нарын», «Бишкек» жана «Дордой» командалары катышкан.

Машыктыруучусу Каныбек Кулманбетовдун айтымында, финалда Нарындын командасы Чүй облусунун командасын жеңип алышкан.

Бул спорттун түрү Байзак айылында уюштурулуп, атайын шаймандар алынган.

Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей 19 кылымда Англияда пайда болгон. Мында командадагы 11 спортчу клюшка (хоккей оюнун ойногондо топ айдай турган учу иймек таяк) менен теннистин тобундай болгон ак топту атаандаштын дарбазасына киргизүүгө аракет кылат. Аталган спорт 1908-жылы жайкы олимпиада оюндарынын тизмесине киргизилген.

—————————————————————————

2022-жылы Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерациясы Жумгал районунун Байзак айылына ойной турган шаймандарын берди. Бул тууралуу Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин мугалимдери билдиришкен.

Аталган мектептин спорт залында мугалимдер менен окуучулар чөп үстүндө ойнолуучу хоккей оюнунун ойноп көрүшкөн. Окуучулардын бири 17 жаштагы Ажыбек учурда чөп үстүндө ойнолуучу хоккейди жаңыдан өздөштүрүп жатканын айтып, хоккейдин бул түрүн мыкты өздөштүрүп, Нарын облусунун намысын коргоого аттанаарын белгилеген. Толук маалыматты бул жерди басып окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️