Жумгалдын Кабак айылында курулушу 6 жыл жүргөн мектеп ишке берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-августта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кабак айылында жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, мектеп 6 жылдан бери бүтпөй келген.

И.Орозалиев атындагы орто мектебинин жаңы имараты 150 орундуу. Мектептин курулушу 2018-жылы башталган. Ал республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 81 млн сомду түздү.

Мектептин курулушун «Тунук-Курулуш» ЖЧКсы ишке ашырды.

Юстиция министрлигин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Тунук-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Эсенбаев Сарбагыш Муканович. Компания 2020-жылы 8-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жай жана турак эмес имараттарды куруу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️