Жумгалдын борборундагы сейил бак 7,8 млн сомго оңдоодон өтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылында Шарипа Исабекова атындагы сейил бакты реконстукциялоо долбоору ишке ашып, оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Актан Абдиловдун маалыматында, сейил бак 7 млн 885 миң 976 сомго ишке ашып жатат.

«Долбоорго ылайык сейил бакка таман таштар төшөлүп, балдар ойноочу аянтчалар, воркаут орнотулат. Сахнанын үстүн жабуу иштери аткарылат жана эс алуучулар үчүн жарыктандыруучу лампалар, оргума (фонтан) орнотулуп, паркты айланып жүрүүчү поезд жүргүзүлөт.

Ал үчүн Жумгал районунун өнүктүрүү фондунан 7 млн 437 миң 490 сом, Чаек айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 448 миң 486 сом каражаты бөлүнгөн. Долбоордун иштерин «Ай-Лун-Групп» ЖЧКсы ишке ашырууда», — деп билдирди.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ай-Лун-Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Сооронбаева Гүлназ Болотбековна, түзүүчүсү — Тенти Токонов. Компания 2018-жылы 11-январь күнү каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: адистештирилген дүкөндөрдөгү чекене соода-сатык.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️