Жумгалдын Баш-Кууганды айылындагы маданият үйү 3,5 млн сомго оңдолуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал районундагы Байзак айыл аймагына караштуу Баш-Кууганды айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы маданият үйү оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат.

Маалыматка караганда, долбоорго ылайык маданият үйүнүн эскилиги жеткен чатырын алмаштыруу жана ичин жасалгалоо, жылуулук системасын жаңыртуу иштери жүрмөкчү. Долбоордун жалпы наркы 3,5 млн сом.

Бул иштерди «Эко Стандарт» ЖЧКсы аткарууда. «Эко Стандарт» ЖЧКсы 2019-жылы 2-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүлөрү Дуйшенбеков Кубан Калчороевич, Макулбеков Кудаяр Субанбекович, Асанов Кайрат Шайлообекович жетекчиси Дуйшенбеков Кубан Калчороевич көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️