Жумгалдык бийчилер Европадагы фестивалга жолдомо алышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Жумгал районундагы «Мүрөк» бийчилер тобунун жогорку тайпасы Европада өтө турган фестивалга жолдомо утуп алышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, алар Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 1-6-июлга чейин өткөн «Дүйнө элдеринин маданияты» аталышындагы бий фестивалына катышып, андан 2-орунду багындырган. Финалдык тур менен Ош шаарындагы бий фестивалдарына катышууга жолдомо алышкан.

Ал эми Ош шаарында «Бий искусствосу-2024» бийчилер фестивалы жана «Дүйнө элдеринин маданияты» аталыштагы фестивалдар өтүүдө. 7-июлда башталган иш-чара 12-июлга чейин созулат.

«Мүрөк» бий тобу «Дүйнө элдеринин маданияты» фестивалында «Бугу эне» жана «Айкөл Манас» этно бийлерин тартуулап, калыстар тобунун чечими менен Румыния өлкөсүндө күз айында өтө турган эл аралык бий фестивалына жолдомо утуп алышты.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️