Жумгалдагы Таш-Дөбө каналына 4,1 млн сомго монолит бетон төшөлөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы «Таш-Дөбө каналын монолит бетон менен төшөөгө материал алуу» долбоору каржыланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Долбоорго ылайык, Таш-Дөбө айылындагы каналдын бир чакырым аралыгын монолит бетон менен төшөө үчүн 193 тонна 550 үлгүсүндөгү цемент, 469 даана темир сетка, 16525 литр күйүүчү май, 4 м3 жыгач материалдар, 850 м3 шагыл алынып берилди.

Жергиликтүү суу пайдалануучулардын кайрылуусуна байланыштуу, каналга монолит бетон төшөө жумуштары 2024-жылдын август-сентябрь айларына жылдырылган.

Материалдардын жалпы сметалык баасы 4 млн 135 миң 500 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️