Жумгалдагы кесиптик лицейдин имараты 15 млн сомго оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 5-августта Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылында капиталдык оңдоодон өткөн Арманбек Өмүралиев атындагы №26 кесиптик лицей пайдаланууга берилди. Бул тууралуу лицейдин директору Улан Көчкөналиев билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге район жетекчилиги, жашоочулар, мугалимдер жана студенттер катышты.

Улан Көчкөналиевдин айтымында, өлкөдө 20дан ашык кесиптик лицей капиталдык оңдоодон өтүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалды.

«Биздин окуу жай 3 кабаттан туруп, 5-6 айдын ичинде оңдоодон өттү. Имараттын жылуулук системасы, электр тармагы, эшик-терезелери алмаштырылып, дубалдары шыбалды. Мындан тышкары жаңы заманбап тигүү машиналары, сабак өтүүгө керектүү эмеректер жана 13 компьютер берилди. Аны менен катар жыйындар залы уюштурулду», — деди ал.

Имаратты оңдоо ишине жалпы 15 млн сом жумшалды.

Аталган лицейде жалпы 169 студент 6 кесип боюнча билим алып жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️