Жумгалдагы эң сулуу кыз аныкталды. Ал ким?(сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда «Мурас» фестивалынын алкагында ССРдин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 80 жылдыгына карата «Таттыбүбү — Соң-Көл периси 2024» сулуулар сынагы болуп өттү.

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Азем Ысыркулованын айтымында, сынакка район аймагынан 14 катышуучу катышып, алар 4 багытта күч сынашты. Анда саламдашуу, өз өнөрүн көрсөтүү, акыл кенчи суроо-жооп жана Таттыбүбүнүн образын чагылдырышты.

Жыйынтыгында баш байгени Чаек айыл өкмөтүнүн Беш-Терек айылынын Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин окуучусу 16 жаштагы Акбермет Асейинова жеңип алып, «Таттыбүбү-2024» сыйлыгы жана 15 миң сомдук сертификат тапшырылды.

— 1-орунга эки сулуунун упайлары тең келип:

— Байзак айыл өкмөтүнүн Баш-Кууганды айылынын Ш.Садыбакасов орто мектебинин 17 жаштагы окуучусу Аделина Сатыбалдиевага «Жумгал периси» сыйлыгы жана 7000 сомдук сертификаты берилди.

— Байзак айыл өкмөтүнүн А.Молдокеев орто мектебинин 16 жаштагы окуучусу Сезим Коргонбаевага «Жумгал периси» сыйлыгы менен 7000 сомдук сертификатына ээ болду.

Пример HTML-страницы

— 2-орун — Чаек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылынын К.Акиев атындагы орто мектебинин 16 жаштагы окуучусу Дилноза Тынымбекова «Ажарлуу пери» сыйлыгы жана 6000 сомдук сертификатына ээ болду.

— 3-орун — Кызарт айыл өкмөтүнүн Касымбек уулу Мамбеталы орто мектебинин 16 жаштагы окуучусу Нурзада Токонова «Акылкарачач» сыйлыгы жана 5000 сомдук сертификат ыйгарылды.

Калган 9 катышуучуга ардак грамоталар жана 1000 сомдон сыйлыктар берилди.

————————————-

————————————————————

2023-жылы Turmush «Таттыбүбү — Соң-Көл периси» сулуулар сынагы болуп өткөнүн жазган.

Анда 18 жаштан 28 жашка чейинки 7 талапкер катышып, 5 тапшырмада күч сынашкан. Анда саламдашуу, актриса Таттыбүбү Турсунбаева сахнада же тасмада жараткан каарманды кайра жаратуу, өз талантын жана жөндөмүн көрсөтүү, улуттук кийимдерди кийип чыгуу тапшырмалары аткарылган.

Жыйынтыгында баш байгени Чоң-дөбө айылынан келген 20 жаштагы Салтанат Мажиева алса, 1-орунду 28 жаштагы Жаңы-Арык айылынан Анархан Талантбек кызы, ал эми 2-орунду Миң-Куш айылынан келген 20 жаштагы Камила Саралаева, 3-орунду Чаек айылынан 23 жаштагы Кылымай Ибралиевалар жеңип алышкан.

Калыстар тобу тарабынан сулууларга акчалай сыйлыктар, наамдар жана белектер тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️