Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда Чынара Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектебинин курулушу аяктады. Мектеп жакынкы күндөрү ишке берилери күтүлүп жатат.
Бул мектептин имараты 2018-жылы курулуп башталган. Жалпы сметасы 45 млн сомдон ашат.
Балдар искусство мектеби курулуп жаткан жер аянты райондук Советбек Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепканасына тийиштүү болгон. Бирок райондун ошол кездеги жетекчилеринин чечими менен ал жерге искусство мектебининин имараты түшүп, китепкана мектептин эски имаратына көчүрүлгөн. Ал жай учурда авариялык абалда болгондуктан 40 миңдей китеп фондун түзгөн райондук китепкана искусство мектебинин жаңы имаратына киришет.
Жумгалдагы искусство мектеби 1967-жылдын сентябрында ошол кездеги Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» Шарипа Исабекованын демилгеси жана Кыргыз СССРнин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын колдоосу менен ачылган. 1971-жылдан бери Чаек балдар музыкалык мектеби болуп, фортепиано, аккордеон, комуз, үйлөмө аспаптар боюнча билим берилген.
2009-жылдын 17-январынан тартып музыкалык мектепке искусство чебери Чынара Дүйшееванын ысымы берилип, балдар искусство мектеби болгон. Азыркы учурда мектепте 20га чукул мугалим эмгектенип, 5-6 ийримден балдарга билим берип келишет. Мектепти көп жылдан бери Шарипбек Чүтөев жетектеп келүүдө.
2023-жылдын май айында Жумгал районунун Чаек айылынын Чынара Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектебинин директору Шарипбек Чүтөевдин жаңы имараттын курулушу башталгандан бери республикалык бюжеттен 22 млн сом бөлүнгөнүн билдирген.
«2018-жылы жалпы наркы жабдуулары менен чогуу 46 млн сомго бааланган. Өткөндө кайра эсептеп чыгып, 18 млн сом кошумча беребиз дешиптир. Себеби, 5 жылдан бери базар баасы өстү да.
Курулуш иштери 2019-жылы коронавирус башталганда каражаттын айынан токтоп калган. Өткөн жылдан тарта каражат бөлүнүп, курулуш ишин «Мейкин Улан» жоопкерчилиги чектелген коому колго алган. Жумушчулар 1-кабаттын Б блогун бүтүп, А блогун аягына чыгарып жатышат», — деген Чүтөев.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Мейкин Улан» ЖЧКсы 2012-жылы 22-мартта каттоодон өткөн. Жетекчиси — Турумкулов Жекшенбек Кадырович. Ишмердүүлүгү — турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу.
Жаңы имараттын жалпы аянты 450 чарчы метрди ээлейт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.