Жумгалда жыл башынан бери баңгизаттарды сатуу жана сактоо боюнча 10 учур катталган. Кандай чара көрүлдү?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу жана сактоо боюнча 2024-жылдын 9 айында жалпы 10 факты каттоого алынды.

Жумгал районунун прокуратурасынын маалыматына караганда, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу жана сактоо боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 9 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, сотко жөнөтүлгөн.

Белгиленген мезгилде Жумгал райондук соту тарабынан жалпы 26 жазык иши 32 адамга карата каралып, анын ичинен баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу жана сактоо боюнча 6 кылмыш иши боюнча 9 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып, алар айып пулга кириптер болгон. Ошол эле учурда 1 адамга карата баңгизатка берилгендиги боюнча жашаган жеринде жайгашкан наркологиялык ооруканада мажбурлап дарылануу жагы милдеттендирилген.

«Өлкөнүн аймагында жүргүзүлгөн «МАК-2024» аталыштагы иш-чаранын алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу жана сактоону алдын алуу боюнча Нарын ОИИБ тарабынан Жумгал районунун аймагында өскөн жапайы кара куурайлар өрттөлүп, жок кылынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️