Жумгалда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз жоголгон эки адам табыла элек

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон эки адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары — 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 20-октябрь күнү түшкөн.

21-октябрь күнү издөө иштерин улантууга ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 23 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 73 адам, жалпы 111 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Оң натыйжа болгон жок. Бүгүн, 22-октябрда издөө иштери улантылат.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган тургундардын аты суудан табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️