Жумгалда салык декларациясын тапшырбаган кызматкерлерге 237 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча аткарылган иштердин алкагында 2024-жылдын 9 айында 62 текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда 79 мыйзам бузуулар аныкталып, 9 сунуштама, 1 талап, 51 укук бузуулар жөнүндө административдик өндүрүш ишин козгоо токтому кабыл алынган. Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгында 10 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттик бюджетке жалпысынан 24 253 сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Аныкталган мыйзам бузууларды органдар боюнча бөлүп карасак:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 42 мыйзам бузуу;

— аткаруу бийлигинин аймактык бөлүкчөлөрүндө 11 мыйзам бузуу;

Пример HTML-страницы

— укук коргоо органдарында 3 мыйзам бузуу;

— атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органында 1 мыйзам бузуу;

— көзөмөлдөөчү органдарында 1 мыйзам бузуу;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациясында 17 мыйзам бузуу;

— мамлекеттик мекеме-ишканаларында 3 мыйзам бузуу аныкталаган.

Алсак, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгы менен 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 51 кызматкерлер аныкталган. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар Жумгал райондук сотуна кароо үчүн жиберилди. Жыйынтыгында 51 кызмат адамдарына жалпы суммасы 237 000 сомду түзгөн айып пул түрүндөгү жаза чарасына тартылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️