Пример HTML-страницы

Жумгалда сүмөлөктүн сүрөтү чечмеленип, улуттук кийим кийген кызматкерлер жөө жүрүш жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунда таң эрте түнү менен кайнатылган сүмөлөктүн ачылышы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Алар сүмөлөктүн үстүнө тартылган сүрөткө көз чаптырышты. Айрымдары жаратылышты жана Бугу энени байкашса, кээ бири жүрөктү көрүшкөн. Катышуучулар бул көрүнүштү жаратылышка чын жүрөк менен аяр мамиле жасап, тоо жаныбарларын барктап, аны көздүн карегиндей сактоо керектигин белгилешип, бата кылышты.

Андан кийин Жумгал районунун борбордук аянтында Нооруз майрамы жөө жүрүш менен башталды.

Район аймагындагы бардык мекеме кызматкерлери кыргыз кийимин кийип, бир канча чакырымга жөө жүрүш жасашты. Ар бир мекеме тууралуу маалыматтар берилип, эл алдында тааныштырылып жатты.

Иш-чаранын алкагында тигилген 2 боз үйдө соопчулук дасторкону даярдалып, сүмөлөк таратылды.

Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгүн маданият кызматкерлеринин концерттик программасы коштоду. Ошондой эле спорттук оюндар өтүп, аркан тартуу, кол күрөш, гиря көтөрүү, тогуз коргоо боюнча бир катар мелдештер уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE